# 18-берене. Медициналык буюмдардын маркаланышы жана таңгакталышы

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 августа 2020 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи", "Об обращении лекарственных средств", "Об обращении медицинских изделий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112145)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673#diff=1126828..1126829>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 18-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-18

---

1. Медициналык буюмдарда медициналык буюмдун курамы, касиеттери, келип чыгуу табияты, өндүрүүчүсү, медициналык буюмду өндүрүүнүн (даярдоонун), иштетүүнүн жана колдонуунун ыкмасы жөнүндө керектөөчү үчүн бир мааниде түшүнүлүүчү, толук жана анык, адаштырбай турган маалыматтарды камтыган маркаланыш болууга тийиш.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача аныкталбаса, медициналык буюмдардын маркаланышына жана таңгакталышына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Көмөктөшүүчү мамлекеттин эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөрү жана эл аралык санитардык эпидемиологиялык бригадалары чукул кырдаалдын жана /же согуш жаңжалдарынын келип чыгышынын натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланууга ниеттенген медициналык буюмдарга ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык маркалоонун башка тутумуна жол берилет.

(КР 2020-жылдын 25-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-19)
