# 15-берене. Медициналык буюмдарды утилизациялоо

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 15-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-15

---

1. Медициналык буюмдарды утилизациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү, медициналык калдыктарды классификациялоо, чогултуу, пайдалануу, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу, сактоо, ташуу, эсепке алуу жана утилизациялоо эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Медициналык буюмдар төмөнкүдөй учурларда утилизацияланууга жатат:

1) катталган медициналык буюмдарды колдонууда же иштетүүдө жарандардын жана медицина кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүүчү фактылар жана жагдайлар далилденгенде;

2) жарамдуулук жана (же) иштетүү мөөнөтү аяктаганда;

3) медициналык буюмдун жасалмалангандыгы жана (же) сапатсыздыгы жана (же) коопсуз эместиги жөнүндө маалымат аныкталганда.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-16)
