# 13-берене. Медициналык буюмдардын коопсуздугуна мониторинг

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 13-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-13

---

1. Медициналык буюмдарды колдонууда жана иштетүүдө, анын ичинде алардын өз ара аракеттенүүсүндө адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүүчү жагымсыз жагдайлардын алдын алуу жана аларды айкындоо, рыноктогу натыйжалуу эмес медициналык буюмдарды айкындоо жана аларды андан аркы жүгүртүүдөн алып салуу максатында саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы медициналык буюмдардын сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт.

2. Медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн субъекттери ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык учурлар тууралуу саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

3. Медициналык буюмдарды колдонууда жана иштетүүдө (анын ичинде медициналык буюмдардын өз ара аракеттенүүсүндө) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүүчү жагдайлар жана фактылар болуп төмөнкүлөргө алып келген жагымсыз жагдай эсептелет:

1) адам өлүмүнө;

2) ооруга же жаракатка;

3) адамдын организминин түзүлүшүнүн же функцияларынын бузулушуна;

4) госпиталдаштырууга же учурдагы госпиталдаштыруунун мөөнөтүн узартууга;

5) медициналык, анын ичинде хирургиялык кийлигишүүгө;

6) түйүлдүктөгү функциялык бузулушка, анын өлүмүнө, тубаса аномалиясына же төрөт жаракатына.

4. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларды жана маалыматтарды билдирбегендиги же жашыргандыгы үчүн, мындай жагдайлар жана маалыматтар кесиптик ишинин түрүнө байланыштуу белгилүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-14)
