13-берене. Медициналык буюмдардын коопсуздугуна мониторинг
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216.
1. Медициналык буюмдарды колдонууда жана иштетүүдө, анын ичинде алардын өз ара аракеттенүүсүндө адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүүчү жагымсыз жагдайлардын алдын алуу жана аларды айкындоо, рыноктогу натыйжалуу эмес медициналык буюмдарды айкындоо жана аларды андан аркы жүгүртүүдөн алып салуу максатында саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы медициналык буюмдардын сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт.
2. Медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн субъекттери ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык учурлар тууралуу саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
3. Медициналык буюмдарды колдонууда жана иштетүүдө (анын ичинде медициналык буюмдардын өз ара аракеттенүүсүндө) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүүчү жагдайлар жана фактылар болуп төмөнкүлөргө алып келген жагымсыз жагдай эсептелет:
1) адам өлүмүнө;
2) ооруга же жаракатка;
3) адамдын организминин түзүлүшүнүн же функцияларынын бузулушуна;
4) госпиталдаштырууга же учурдагы госпиталдаштыруунун мөөнөтүн узартууга;
5) медициналык, анын ичинде хирургиялык кийлигишүүгө;
6) түйүлдүктөгү функциялык бузулушка, анын өлүмүнө, тубаса аномалиясына же төрөт жаракатына.
4. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларды жана маалыматтарды билдирбегендиги же жашыргандыгы үчүн, мындай жагдайлар жана маалыматтар кесиптик ишинин түрүнө байланыштуу белгилүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-августундагы № 359 "Медициналык буюмдардын сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жана…Постановление · 01.08.2018 · № 359
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-августундагы № 359 токтомуПостановление · 01.08.2018 · № 359
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111673/st-13" title="13-берене - Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>