# 11-берене. Медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 11-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-11

---

1. Кыргыз Республикасына алып келинүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, медициналык колдонууга арналган медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо жүргүзүлөт. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо үчүн төлөмдүн өлчөмү жана баалоону жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы медициналык буюмдарды колдонууга жана иштетүүгө укук берүүчү тиешелүү корутундуну берет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-12)
