# 10-берене. Кыргыз Республикасында каттоосу жок колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдар

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 августа 2020 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи", "Об обращении лекарственных средств", "Об обращении медицинских изделий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112145)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673#diff=1126828..1126829>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 10-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-10

---

Төмөнкүлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында бардык медициналык буюмдар мамлекеттик катталууга жатат:

1) жекече колдонуу үчүн гана жеке заказ боюнча Кыргыз Республикасында даярдалган медициналык буюмдарды;

2) мамлекеттик каттоого арналган медициналык буюмдардын үлгүлөрүн жана медициналык буюмдардын стандарттык үлгүлөрүн;

3) изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү үчүн, анын ичинде илимий максаттарда алып келинүүчү медициналык буюмдарды;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте чукул кырдаалдарда жана/же согуш жаңжалдарында, гуманитардык жардамдын линиясы боюнча, анын ичинде медициналык топтомдордун жана жыйнамдардын курамында алып келинүүчү медициналык буюмдарды;

5) өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шарттарында калкты камсыз кылуу үчүн медициналык буюмдарды кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана колдонулушу каттоосуз уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмегине киргизилген медициналык буюмдарды. Тизмекти түзүү жана ага медициналык буюмдарды киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

7) көргөзмөлөрдө сатууга укугу жок көрсөтүү үчүн медициналык буюмдарды;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жеке жактар жекече колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келген медициналык буюмдарды;

9) Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү жүргүнчүлөргө, экипаж мүчөлөрүнө, чет өлкөлүк транспорттук каражаттардын айдоочуларына жана поезд бригадаларынын мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып келинүүчү медициналык буюмдарды;

10) эл аралык маданий, спорттук иш-чаралардын катышуучуларына жана эл аралык экспедициялардын катышуучуларына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып келинүүчү медициналык буюмдар;

11) эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөр жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалар чукул кырдаалдын жана/же согуш жаңжалдарынын келип чыгышынын натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланууга ниеттенген медициналык буюмдар.

(КР 2020-жылдын 25-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-11)
