# 9-берене. Дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жана каттоону ырастоо

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 9-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-9

---

1. Дары каражаттары, эгерде алар мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өткөрүлсө, ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинет, өндүрүлөт, сатылат жана пайдаланылат.

2. Дары каражаттарынын каттоо, каттоону ырастоо, дары препаратынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү, мамлекеттик каттоо үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартиби жана дары препаратынын каттоо досьесинде камтылган маалыматтын купуялуулугун аныктоо критерийлери, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Каттоо ырастамасынын кармоочусу Кыргыз Республикасынын аймагында катталган дары каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартат;

3. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алдын ала квалификацияланган дары каражаттарынын тизмегине киргизилген дары каражаттарына карата, ошондой эле АКШнын Тамак-аш азыктары жана дары каражаттары боюнча администрациясы (FDA), Медицина продуктылары боюнча Европа агенттиги (ЕМА) (борборлоштурулган жол-жобо боюнча), Япониянын Дары каражаттары жана медициналык багыттагы продуктылар боюнча агенттиги (PMDA), Швейцария терапевтикалык продуктылар агенттиги (Swissmedic) жана Улуу Британия Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы продуктыларды жөнгө салуу боюнча агенттиги сыяктуу жөнгө салуучу органдар тарабынан катталган дары каражаттарына карата каттоонун тездетилген жол-жобосу колдонулат.

Дары каражаттарын каттоонун тездетилген жол-жобосун жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

4. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программалардын алкагында гуманитардык жардам линиясы боюнча келип түшүүчү орфандык препараттарды жана дары каражаттарын каттоодо арыз берүүчү дары каражаттарын каттоого байланышкан чыгымдарды төлөөдөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте бошотулат.

5. Таасир этүүчү заттардын ар түрдүү сапаттык курамына ээ болгон дары каражаттарын бир соодалык аталышта каттоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-10)
