# 8-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фармакопеясы

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 8-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-8

---

1 Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фармакопеясын иштеп чыгат жана басып чыгарат.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фармакопеясы дүйнөдөгү алдынкы фармакопеяларга шайкеш келтирилет жана алардын стандарттарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фармакопеясы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын фармацевтикалык рыногундагы дары каражаттарынын сапаты жана коопсуздугу жалпыга таанылган чет өлкөлүк фармакопеялардын жана стандартташтыруу, метрология жана сертификация чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин фармакопеяларынын талаптарына ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-9)
