# 7-берене. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптагыдай фармацевтикалык практикалар

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 7-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-7

---

1. Дары каражаттарын иштеп чыгууда, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүдө, өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, чекене жана дүң сатууда калкты сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттары менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, талаптагыдай фармацевтикалык практикалардын эрежелери иштелип чыгат.

2. Талаптагыдай фармацевтикалык практикаларга: талаптагыдай лабораториялык практика, талаптагыдай клиникалык практика, талаптагыдай өндүрүштүк практика, талаптагыдай дистрибьютордук практика, талаптагыдай дарыканалык практика, талаптагыдай сактоо практикасы, талаптагыдай фармакологиялык көзөмөлдөө практикасы жана башка практикалар кирет.

3. Талаптагыдай фармацевтикалык практикаларга ылайык келүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тийиштүү документти берүүсү менен ырасталат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-8)
