# 6-берене. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 мая 2018 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обращении лекарственных средств", "Об обращении медицинских изделий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111777)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672#diff=1146328..1146329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 6-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-6

---

Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттары менен камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

2) жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегиндеги дары каражаттарына бааны жөнгө салуунун натыйжалуу саясатын аныктоо;

3) дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу;

4) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;

5) дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүнү, даярдоону жана сатууну лицензиялоо;

6) Кыргыз Республикасында колдонулуучу бардык дары каражаттары тууралуу маалыматка калктын эркин жетүүсүн камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча маалыматтардын электрондук (маалыматтык) базасын түзүү;

8) ушул Мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген башка чараларды көрүү.

(КР 2018-жылдын 3-майындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-7)
