# 5-берене. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 5-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-5

---

Жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган мамлекеттик дары саясатынын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирүүсү мүмкүндүгүнөн улам спецификалык товар болуп саналуучу, ошондой эле ташууда, сактоодо, өндүрүүдө, даярдоодо, сатууда жана жок кылууда өзгөчө контролдоону талап кылуучу сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарына жарандардын иретке салынган жетүүсүн камсыз кылуу;

2) дары каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу;

3) фармацевтикалык иштин туруктуу жүргүзүлүшү үчүн зарыл ченемдик укуктук базаны түзүү;

4) саламаттык сактоо системасынын керектөөлөрүнө жооп берүүчү, дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу;

5) дары каражаттарынын ата мекендик өндүрүшүн өнүктүрүү жана колдоо;

6) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө айкын жана ак ниет мамлекеттик башкарууну жана бизнес жүргүзүүнү камсыз кылуу;

7) дары каражаттары тууралуу анык маалыматка жетүүнү камсыз кылуу;

8) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын принциптерин сактоо;

9) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган талаптагыдай фармацевтикалык практикаларды таануу жана киргизүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-6)
