# 37-берене. Гуманитардык жардам линиясы боюнча келип түшкөн дары каражаттарын жүгүртүү

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 августа 2020 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи", "Об обращении лекарственных средств", "Об обращении медицинских изделий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112145)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672#diff=1146329..1146330>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 37-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-37

---

1. Гуманитардык жардам линиясы боюнча келип түшкөн дары каражаттарын жүгүртүү тартиби ушул Мыйзамга, "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо жаатындагы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Гуманитардык жардам линиясы боюнча алын келинүүчү дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү алып келген датага карата жарактуулук мөөнөтү бир жылдан ашык болгон дары каражаттары үчүн 12 айдан кем болбоого жана жарактуулук мөөнөтү бир жыл же андан кем болгон дары каражаттары үчүн калган жарактуулук мөөнөтүнүн 50 пайызынан кем болбоого тийиш.

3. Эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөр жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалар чукул кырдаалдын жана/же согуш жаңжалдарынын келип чыгышынын натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланууга ниеттенген дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтүнө жогоруда көрсөтүлгөн талаптар колдонулбайт.

(КР 2020-жылдын 25-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-38)
