# 36-берене. Дары каражаттарынын жарнамасы

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 36-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-36

---

1. Кыргыз Республикасында катталган жана дары препараттарына жазылган рецепт жок сатылуучу дары каражаттарын жарнамалоо жарнама чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ушул Мыйзамдын ушул беренесинин өзгөчөлүктөрү менен жүзөгө ашырылат.

2. Дары каражаттарын жарнамалоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуудан кийин жүзөгө ашырылат.

3. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен тексти макулдашылган жарнамада маалыматты бурмалоого тыюу салынат.

4. Дары препаратына жазылган рецепт боюнча берилүүчү дары каражаттарын жарнамалоого тыюу салынат.

5. Дары каражаттарын жарнамалоодо контролсуз өз алдынча дарылоону болтурбоо үчүн врачтын же провизордун элесин, медициналык униформачан адамдардын сүрөтүн пайдаланууга, жарнамалоо үчүн медициналык кызматкерлерди жана фармацевтикалык кызматкерлерди тартууга, белгилүү адамдардын, илимпоздордун, адистердин, айыгып кеткен бейтаптардын жана алардын туугандарынын пикирлерине шилтеме жасоого тыюу салынат.

6. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан, ушул Мыйзамда аныкталган тартипте, дары каражатын жүгүртүүнү чектөө тууралуу чечим кабыл алынган учурда, жарнама берүүчү жарнаманы жайылтууну токтоосуз түрдө токтотууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-37)
