# 34-берене. Сатууга жана берүүгө тыюу салынган дары каражаттары

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 34-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-34

---

1. Дары каражаттарын сатууга жана берүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат:

1) дарыканалардан, дарыкана пункттарынан жана дарыкана киоскторунан сырткары жерлерде;

2) рецепт боюнча бериле турган дары препаратын рецепти жок сатууга;

3) сапатсыз, жасалма, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, жараксыз болуп калган.

2. Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн алып келинген дары каражаттарын сатууга тыюу салынат.

3. Саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканаларында дары каражаттарын сатууга тыюу салынат. Саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканаларында дары каражаттарын кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-35)
