# 33-берене. Дары каражаттарын чекене сатуу жана берүү

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 33-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-33

---

1. Дары препараттарын чекене сатуу дарыканалар, дарыкана пункттары, дарыкана киосктору жана интернет-сатуулар аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана/же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген талаптагыдай дарыканалык практиканын эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

2. Дарыкана пункту жана дарыкана киоску дарыкананын түзүмдүк бөлүнүштөрү болуп саналат жана дарылык жардамды калкка жакындатуу максатында уюштурулат жана өз алдынча иштей албайт.

3. Алыскы, жетүүгө кыйын жана калкы аз конуштарда дарыкана пункттарын ачуу тартиби, сатуу шарттары, мындай дарыкана пункттарында иштөө үчүн медициналык билими бар адамдарга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-34)
