# 32-берене. Дары каражаттарын дүң сатуу

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 32-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-32

---

1. Дары каражаттарын өндүрүүчүлөр, ошондой эле дүң сатуу уюмдары дары каражаттарын төмөнкүлөргө берүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу:

1) фармацевтикалык ишке лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактарга;

2) уставдык ишин жүзөгө ашыруу үчүн саламаттык сактоо уюмдарына;

3) илимий-изилдөө уюмдарына - илимий-изилдөө жумуштары үчүн, билим берүү мекемелерине - окутуу максаттары үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте социалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик уюмдарга;

5) медициналык ишке лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактарга.

2. Дары каражаттарынын дүң сатуу менен алектенүүчү фармацевтикалык уюмдар, ошондой эле өндүрүүчүлөр өз ишин талаптагыдай дистрибьютордук практиканын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-33)
