# 26-берене. Дары каражаттарын өндүрүү жана даярдоо

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 26-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-26

---

1. Дары каражаттарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер өз ишин талаптагыдай өндүрүш практикасынын эрежелерине ылайык уюштурууга милдеттүү.

2. Дары каражаттарын даярдоо тийиштүү лицензиясы бар дарыканаларда, талаптагыдай дарыканалык практиканын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.

3. Клиникага чейинки, клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, каттоого жана экспортко арналган дары каражаттарын кошпогондо, Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөгөн дары каражаттарын өндүрүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-27)
