# 24-берене. Дары каражаттарын клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөр (сыноолор)

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 24-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-24

---

1. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөр (сыноолор) талаптагыдай лабораториялык практиканын эрежелерине жана дары каражаттарын изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө карата Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык так жүргүзүлөт.

2. Клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) талаптагыдай клиникалык практиканын эрежелерине жана дары каражаттарына изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө карата Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына гана ылайык түрдө, клиникалык база катарында аккредиттөөдөн өткөн саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

3. Дары каражатын клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү тартибин бузуу, саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты жок дары каражатын клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

4. Дары каражатын клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) ошол клиникалык изилдөөлөргө (сыноолорго) катышып жаткан адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан учурда токтотулууга тийиш.

5. Клиникалык изилдөөгө (сыноого) катышуучулардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана клиникалык изилдөө (сыноо) жүргүзүүдө адамдардын өлүмгө учурашынын натыйжасында залал тарткан адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-25)
