# 22-берене. Дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 мая 2018 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обращении лекарственных средств", "Об обращении медицинских изделий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111777)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672#diff=1146328..1146329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 22-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-22

---

1. Дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, Кыргыз Республикасынын калкын дары каражаттары менен камсыз кылуу программалары иштелип чыгат жана ишке ашырылат.

2. Медициналык жардам берүүнүн натыйжалуу түрлөрүнө жетүүнү жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги бекитилет.

Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегин түзүүнүн критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги мезгил-мезгили менен (эки жылда бир жолудан аз эмес) жаңыланып турат. 2-1. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегине киргизилген дары каражаттарына бааларды түзүүнүн усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Калктын аз камсыз болгон, социалдык жактан корголбогон катмарларына, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү үчүн, ошондой эле сейрек жана социалдык олуттуу ооруларды дарылоо үчүн дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга көмөк берүүчү чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанан аныкталган тартипте көрүлөт.

4. Өмүр үчүн коркунучтуу оорулардан жапа чеккен жана жактырылган дары препараттары менен дарылоо натыйжа бербей жаткан оорулуулар үчүн ырайымдуулукту колдонуу программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктлаган тартипте көмөк көрсөтүлөт.

(КР 2018-жылдын 3-майындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-23)
