22-берене. Дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 13.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 мая 2018 года № 44
1. Дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, Кыргыз Республикасынын калкын дары каражаттары менен камсыз кылуу программалары иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
2. Медициналык жардам берүүнүн натыйжалуу түрлөрүнө жетүүнү жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги бекитилет.
Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегин түзүүнүн критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги мезгил-мезгили менен (эки жылда бир жолудан аз эмес) жаңыланып турат. 2-1. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегине киргизилген дары каражаттарына бааларды түзүүнүн усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Калктын аз камсыз болгон, социалдык жактан корголбогон катмарларына, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү үчүн, ошондой эле сейрек жана социалдык олуттуу ооруларды дарылоо үчүн дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга көмөк берүүчү чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанан аныкталган тартипте көрүлөт.
4. Өмүр үчүн коркунучтуу оорулардан жапа чеккен жана жактырылган дары препараттары менен дарылоо натыйжа бербей жаткан оорулуулар үчүн ырайымдуулукту колдонуу программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктлаган тартипте көмөк көрсөтүлөт.
(КР 2018-жылдын 3-майындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111672/st-22" title="22-берене - Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>