# 21-берене. Дары каражаттарын пайдалануунун натыйжасында адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 21-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-21

---

1. Дары каражаттарын пайдалануунун кесепетинен адам өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын орду дары каражаттарынын өндүрүүчүсү (даярдоочусу) тарабынан толтурулат, эгерде төмөнкүлөр далилденсе:

1) дары каражаты арналышы боюнча, дары каражатын медициналык колдонуу нускамасына (кошмо баракчага) ылайык колдонулгандыгы жана сапатсыз өндүрүлгөн дары каражаты зыяндын себеби болгондугу;

2) дары каражатынын өндүрүүчүсү дары каражатын медициналык пайдалануу боюнча басып чыгарган нускамада (кошмо баракчада) камтылган маалыматтын анык эместигинин кесепетинен ден соолукка зыян келтирилгендиги.

2. Эгерде зыян сактоо, ташуу, дүң жана чекене сатуу эрежелерин бузуудан улам жараксыз болгон дары каражаттарын колдонуунун натыйжасында келтирилсе, зыяндын ордун толтуруу дүң же чекене сатууну жүзөгө ашырган субъект тарабынан жүзөгө ашырышат.

3. Эгерде зыян дары каражатын туура эмес же рационалдуу эмес дайындоонун натыйжасында келтирилсе, зыяндын ордун толтуруу саламаттык сактоо уюму же жеке практикалоочу медициналык кызматкер тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде дары каражаттарын жок кылуу эрежелерин бузуунун кесепетинен адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирилсе, зыяндын ордун толтуруу бул бузууга жол берген юридикалык жак тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Дары каражаттарын колдонуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жарандык мыйзамдарга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-22)
