# 20-берене. Фармацевтикалык иштин субъекттеринин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 20-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-20

---

1. Фармацевтикалык иштин субъекттери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) лицензияны жол-жоболоо тартиби, дары каражаттарын мамлекеттик каттоо, бажылык контролдоо жөнүндө зарыл маалыматты алууга;

2) дары каражаттарынын сапатын контролдоону, аларды лицензиялоону, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын аракеттерин же аракетсиздигин белгиленген тартипте даттанууга;

3) саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бериле турган каттоо ырастамасын берүүдөн баш тартууга, анын колдонулуусу токтотулуп коюлгандыгына жана жокко чыгарылгандыгына байланыштуу келип чыккан маселелер/талаштар боюнча сот органдарына кайрылууга.

2. Фармацевтикалык иштин субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде өз ишин жүргүзүүгө;

2) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө талаптагыдай фармацевттик практикаларды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоого;

3) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген адистердин квалификациясын жогорулатууга;

4) дары каражаттарын коопсуз пайдалануу үчүн алар тууралуу анык маалыматтарды берүүгө.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-21)
