# 18-берене. Сатууга жана колдонууга жараксыз дары каражаттарын жүгүртүү эрежелери

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 18-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-18

---

1. Сапатсыз, жасалмаланган, жарактуулук мөөнөтү бүткөн жана жараксыз болуп калган дары каражаттары аларды берүүчүгө милдеттүү түрдө кайтарылууга же жок кылынууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй дары каражаттары жок кылынууга тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн сапатсыз жана/же жасалма дары каражаттары;

2) фармацевтикалык инспекциялоонун натыйжасында же фармацевтикалык иштин субъектинин өз демилгеси боюнча айкындалган, туура эмес сактоодон жана/же жарактуулук мөөнөтү бүткөндүктөн улам жараксыз болгон дары каражаттары.

3. Сапатсыз жана/же жасалмаланган дары каражаттары алып келинген учурда берүүчү мындай дары каражаттарын рыноктон чакыртып алууну камсыз кылууга милдеттүү.

4. Сатууга жана колдонууга жараксыз дары каражаттарын жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-19)
