# 16-берене. Фармакологиялык көзөмөл (фармакокөзөмөл)

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 16-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-16

---

1. Жаңы жана белгилүү дары препараттарын жүгүртүү жана колдонуу тобокелдиктерине байланышкан, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү жагымсыз кесепеттердин алдын алуу жана табуу максатында саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы фармакокөзөмөлдүн талаптагыдай практикасынын стандарттарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык фармакологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

2. Каттоо ырастамасынын кармоочусу фармакокөзөмөлдүн талаптагыдай практикасынын эрежелерине ылайык, катталган дары препараттарына фармакологиялык көзөмөлдүн тутумун түзүүгө милдеттүү.

3. Фармакокөзөмөл тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанан аныкталат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-17)
