# 15-берене. Фармацевтикалык инспекция

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 15-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-15

---

1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы фармацевтикалык иштин субъекттеринин ишинин талаптагыдай фармацевтикалык практикаларга туура келишине баа берүү максатында, ошондой эле дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптарды сактоону контролдоо жана көзөмөлдөө максатында фармацевтикалык инспекция жүргүзөт. Фармацевтикалык иштин субъекттеринин ишинин талаптагыдай фармацевтикалык практикаларга туура келишине баа берүү боюнча фармацевтикалык инспекция фармацевтикалык иштин субъекттеринин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Инспекциялоону жүргүзүү тартиби жана төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

3. Фармацевтикалык иштин субъекттеринин дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптарды аткарышына контроль жана көзөмөл жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-16)
