# 14-берене. Дары каражаттарынын сапатына баа берүү

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 августа 2020 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи", "Об обращении лекарственных средств", "Об обращении медицинских изделий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112145)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672#diff=1146329..1146330>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 14-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-14

---

1. Дары каражаттарынын сапатын баалоо өлкөгө алып келинген же өлкөдө өндүрүлгөн дары каражаттарынын конкреттүү серияларынын (партияларынын) сапатынын сапат боюнча ченемдик документтин талаптарына туура келерин аныктоо максатында жүзөгө ашырылат. Дары каражаттарынын сапатына баа берүүнү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан тиешелүү корутунду берилет.

2. Сапатына баа берүүгө жатпайт:

1) Кыргыз Республикасында таанылган продукцияга талаптагыдай өндүрүштүк практиканын сертификаты бар болгондо, талаптагыдай өндүрүштүк практикага же талаптагыдай дистрибьютордук практикага туура келе тургандыгы жөнүндө сертификаты бар фармацевтикалык уюмдар алып кирүүчү жана/же өндүрүүчү дары каражаттары.

2) 6 жана 9-пункттарды кошпогондо, ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган дары каражаттары.

3. Дары каражаттарынын сапатына баа берүүнү жүргүзүүнүн тартибин, серия боюнча контролдоодон бошотуу критерийлерин жана төлөмдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

4. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, дары каражаттарын алып кирүүдө сапатына баа берүүдөн өткөрүлбөгөн дары каражаттары, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылууга жатат.

(КР 2020-жылдын 25-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 "Дары каражаттарынын сапатын баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-15)
