# 12-берене. Дары каражатын мамлекеттик каттоо тууралуу каттоо ырастамасы

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 13 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2483/edition/1146328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111672/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 12-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-12

---

1. Дары каражаттарын каттоо дары каражатын мамлекеттик каттоо тууралуу каттоо ырастамасын (мындан ары - каттоо ырастамасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте берүү менен тастыкталат.

2. Алгачкы жолу катталган дары каражатын мамлекеттик каттоодон 5 жыл өткөндөн кийин, анын мамлекеттик каттоосун тастыктоо шартында, дары каражатын мамлекеттик каттоо тууралуу мөөнөтсүз каттоо ырастамасы берилет.

3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, каттоо ырастамасын колдонууну токтотуп туруу жана жокко чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

4. Каттоо күбөлүгүн жокко чыгаруу (чакыртып алуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) дары препаратын каттоодо аныктоого мүмкүн болбогон анык эмес маалыматтарды арыз берүүчүнүн бергендиги табылгандыгы;

2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;

3) дары препаратын колдонууга байланышкан тобокелдиктердин андан алынуучу пайдадан басымдуу экендиги жөнүндө жаңы тутумдук маалыматтардын алынышы жана тастыкталышы.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111672/st-13)
