# 9-берене. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111671)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2482/edition/1120190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111671/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө, 9-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-9

---

1. Декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кийин декларацияны берген, берилген декларацияда толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар болгон учурларда салык кызматынын органы бул адамдар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жарыялайт жана тийиштүү материалдарды Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жөнөтөт.

3. Жыйынды маалыматтарды жана ушул Мыйзамда каралган маалыматтарды кошпогондо, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды жарыя кылуу боюнча укук ченемсиз аракеттер жасалган учурда салык кызматынын органынын кызмат адамы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Мамлекеттик органдардын ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 7-бөлүгүнүн талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-10)
