# 6-берене. Салык кызматынын органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111671)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2482/edition/1120190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111671/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө, 6-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-6

---

1. Салык кызматынын органдары:

1) декларанттардын жана алар берген декларациялардын эсебин жүргүзөт;

2) берилген декларациялардагы маалыматтардын доонун эскирүү мөөнөтү ичинде салык мыйзамдарына ылайык сакталышын жана ушул Мыйзамга ылайык жарыяланууга жатпаган маалыматтардын жашырындыгын камсыз кылат;

3) декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды декларанттын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды чагылдыруунун аныктыгына жана толуктугуна карата иликтейт жана талдайт;

4) зарыл болгон учурда декларанттын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекеттерге, жарандарга суроо-талаптарды жөнөтөт;

5) ар жыл сайын 1-октябрга чейин декларанттардын декларацияларды берүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;

6) иши улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий жана жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү жөнүндө жыйынды маалыматтарды расмий бюллетенге жарыялайт;

7) ведомстволук сайтта төмөнкүлөрдү жайгаштырат:

а) декларациянын формасын, аны толтуруунун тартибин, кирешелердин, чыгымдардын, мүлктүн жана милдеттенмелердин классификаторун;

б) ушул бөлүктүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар боюнча жыйынды маалыматтарды;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарды аткарат.

2. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеги, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар боюнча жыйынды маалыматтардын параметрлери, ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар боюнча маалыматтардын тизмеги, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөөнүн жана талдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-7)
