# 5-берене. Декларациянын формасы, аны толтуруунун тартиби, берүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмасы

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111671)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111671#diff=1120191..1120192>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2482/edition/1120190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111671/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө, 5-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-5

---

1. Декларация отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен декларант тарабынан, анын паспорттук маалыматтарына ылайык жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органына берилет.

Декларация электрондук түрдө жана салык мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет. Декларант отчеттук жыл үчүн мурда берилген декларацияга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнунан кечиктирбестен, салыктын суммасынын өзгөрүүсүнө алып келүүчү каталар табылган учурда өзгөртүүлөрдү жана\\же толуктоолорду киргизүүнү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө киргизе алат.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда декларацияларды тапшыруу мөөнөтүн өзгөртүүгө укуктуу.

2. Кызмат ордуна шайланганда же болбосо дайындалганда, кызмат ордун ээлеп турганда же кызмат ордунан бошотулганда учурдагы жылдын мезгили үчүн декларация ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө берилет.

3. Декларациянын формасы, аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби, кирешелердин, чыгашалардын, мүлктүн жана милдеттенмелердин классификатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленилет.

(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-6)
