# 3-берене. Декларацияда көрсөтүлүүгө жаткан мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111671)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2482/edition/1120190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111671/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө, 3-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-3

---

1. Декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган жана декларантка жана анын жакын туугандарына менчик укугунда таандык мүлк жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1) кыймылсыз мүлк;

2) кыймылдуу мүлк:

а) автотранспорттук каражаттар;

б) маданий баалуулугу бар менчиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эски буюмдар катары таанылган буюмдар;

в) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;

г) баалуу кагаздар;

д) мал жана башка жандыктар;

е) зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;

ж) жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;

3) уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.

2. Эгерде декларанттын жарандар менен юридикалык жактардын алдында финансылык милдеттенмелери болсо, декларацияда бул жөнүндө маалыматтар дагы, милдеттенмелердин суммасынын өлчөмүн кошуп алуу менен көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-4)
