# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111671)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2482/edition/1120190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111671/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө, 2-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жарандык, үй-бүлөлүк жана башка тармактарынын ушул Мыйзамда пайдаланылуучу институттары, терминдери жана аныктамалары, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мыйзамдардын бул тармактарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.

2. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) жакын туугандар - жубайы, жашы жете элек балдары; декларанттын багуусунда же болбосо толук камкордугунда турган, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларант тарабынан багылууга укугу бар адамдар; жашоосуна, билим алуусуна, саламаттыгын сактоосуна чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө декларанттар финансылык сарптоолорду тарткан жашы жеткен балдары, ата-энелери, бир туугандары;

2) декларант - ушул Мыйзамга ылайык, ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды камтыган декларацияны (мындан ары - декларация) берүүгө милдеттүү адам;

3) отчеттук жыл - тиешелүү жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил;

4) учурдагы жыл мезгили - төмөнкүдөй мезгилдер:

а) декларант мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеп турууну же аны ээлөөнү баштаган айдын биринчи күнүнөн тартып, ошол жылдын 31-декабрына чейинки;

б) 1-январдан тартып декларант мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеп турууну же аны ээлөөнү токтоткон айдын акыркы күнүнө чейинки.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-3)
