2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жарандык, үй-бүлөлүк жана башка тармактарынын ушул Мыйзамда пайдаланылуучу институттары, терминдери жана аныктамалары, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мыйзамдардын бул тармактарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) жакын туугандар - жубайы, жашы жете элек балдары; декларанттын багуусунда же болбосо толук камкордугунда турган, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларант тарабынан багылууга укугу бар адамдар; жашоосуна, билим алуусуна, саламаттыгын сактоосуна чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө декларанттар финансылык сарптоолорду тарткан жашы жеткен балдары, ата-энелери, бир туугандары;
2) декларант - ушул Мыйзамга ылайык, ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды камтыган декларацияны (мындан ары - декларация) берүүгө милдеттүү адам;
3) отчеттук жыл - тиешелүү жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил;
4) учурдагы жыл мезгили - төмөнкүдөй мезгилдер:
а) декларант мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеп турууну же аны ээлөөнү баштаган айдын биринчи күнүнөн тартып, ошол жылдын 31-декабрына чейинки;
б) 1-январдан тартып декларант мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеп турууну же аны ээлөөнү токтоткон айдын акыркы күнүнө чейинки.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111671/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>