# 10-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

- Документ: [Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111671)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111671#diff=1120191..1120192>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2482/edition/1120190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111671/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө, 10-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-10

---

1. Ушул Мыйзам 2017-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 7-августундагы № 108 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 514-ст.);

2) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 223 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 12, 1108-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын 10-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2775-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 121-ст.);

5) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-майындагы № 68 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 497-ст.);

6) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 177 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1012-ст.).

4. Декларанттын 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча декларация тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин.

Декларант 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча декларациясына 2021-жылдын 30-июнунан кечиктирбестен өзгөртүүлөрдү жана\\же толуктоолорду киргизе алат. Салык кызматынын органдары декларанттар тарабынан 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча декларацияларды тапшырууларынын жыйынтыктары тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2021-жылдын 1-октябрына чейин беришет. (КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111671/st-9)
