# 91-берене. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу кирешелердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О содействии занятости населения", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018783)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.12.2024 [Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О содействии занятости населения", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018783); 03.04.2024 [Закон КР от 3 апреля 2024 года № 74 О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004171); 24.01.2019 [Закон КР от 24 января 2019 года № 18 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111835); 30.03.2018 [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670#diff=23095..39684>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 91-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-91

---

Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрү кирет:

1) жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жана окуган жери боюнча эмгек акы түрүндөгү кирешелери, ошондой эле ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар;

2) жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жери боюнча эмес кирешелери;

3) жарандардын экономикалык (ишкердик) ишин жүзөгө ашыруудан алган кирешелери;

4) жарандардын - фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн жер участокторун жана айыл чарба жандыктарын пайдалануудан алган кирешелери;

5) жарандардын өздүк көмөкчү чарбасынан алган кирешелери.

Социалдык контрактты ишке ашыруунун алкагында ушул берененин 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнөн түшкөн жарандардын кирешелери социалдык контракт түзүлгөн айдан кийинки 3 айдын ичинде эсепке алынбайт. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18 , 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-9)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-10)
