91-берене. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу кирешелердин түрлөрү
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198
Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрү кирет:
1) жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жана окуган жери боюнча эмгек акы түрүндөгү кирешелери, ошондой эле ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар;
2) жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жери боюнча эмес кирешелери;
3) жарандардын экономикалык (ишкердик) ишин жүзөгө ашыруудан алган кирешелери;
4) жарандардын - фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн жер участокторун жана айыл чарба жандыктарын пайдалануудан алган кирешелери;
5) жарандардын өздүк көмөкчү чарбасынан алган кирешелери.
Социалдык контрактты ишке ашыруунун алкагында ушул берененин 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнөн түшкөн жарандардын кирешелери социалдык контракт түзүлгөн айдан кийинки 3 айдын ичинде эсепке алынбайт. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18 , 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О содействии занятости населения", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2024 года № 74 О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 января 2019 года № 18 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111670/st-91" title="91-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>