# 5-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү жана өлчөмдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046568)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.05.2026 [Закон КР от 21 мая 2026 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046568); 24.10.2025 [Закон КР от 24 октября 2025 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033568); 06.12.2024 [Закон Кыргызской Республики от 6 декабря 2024 года № 193 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019325); 09.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике", "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам")](https://aqlex.ai/kg/doc/112536); 10.07.2020 [Закон КР от 10 июля 2020 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112092); 30.03.2018 [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670#diff=39686..53845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 5-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-5

---

1. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү:

1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;

2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;

3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул;

4) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул.

5) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" - бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөкпул (мындан ары - "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу).

6) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган, 2026-жылдын 1-январынан кийин төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала Береке” төлөмү (мындан ары - бир жолку “Бала Береке” төлөмү”).

7) балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөкпул (мындан ары - "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу).

2. Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын белгиленет.

3. Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар жана төмөнкү куракка жеткен: эркектер - 65 жаш, аялдар - 60 жаш; баатыр-энелер - 55 жаш үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес өлчөмдө белгиленет.

4. "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулунун, бир жолку "Бала Береке" төлөмүнүн жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. (КР 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 193, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 232, 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-4)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-51)
