# 4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2024 года № 74 О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004171)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.04.2024 [Закон КР от 3 апреля 2024 года № 74 О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004171); 16.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2024 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/230001680); 24.01.2019 [Закон КР от 24 января 2019 года № 18 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111835); 30.03.2018 [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670#diff=3018..5949>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 4-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-4

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) мамлекеттик жөлөкпул - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамга ылайык пенсиялык камсыз кылууга укугу жок балдарга жана адамдарга жөлөкпулдар жана бир жолку төлөөлөр түрүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик социалдык колдоо;

2) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) арыз ээси - өзүнө же болбосо анын камкорчулугу/көзөмөлчүлүгү алдында турган адамга, же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган адам;

4) пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар – "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, балдарды кошуп алганда, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган адамдар, балдар - ата-энесинен (ата-энелеринен) айрылган учурда, билим берүү уюмдарында - 23 жашка чейинки күндүзгү негизде окуган окуучулар, төмөнкү куракка жеткен адамдар: эркектер - 65 жаш, аялдар - 60 жаш, баатыр-энелер - 55 жаш;

5) толук мамлекеттик камсыз кылуу - мамлекеттик же муниципалдык мекемеде турган убакытта (мезгилде) адамдарга акысыз тамак-аш, акысыз кийим комплектисин жана бут кийим, акысыз жашоо берүү жана акысыз медициналык тейлөө же алардын толук наркынын ордун толтуруу;

6) алуучу - өзүнө же болбосо анын камкорчулугу/көзөмөлчүлүгү алдында турган адамга, же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул алган адам;

7) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;

8) жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;

9) үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси - отчеттук мезгилдин ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелер, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;

Көңүл буруңуздар! КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн караңыз.

10) муктаждыкты аныктоо - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18, 2024-жылдын 16-февралындагы N 48, 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-31)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-5)
