# 31-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670#diff=1234944..1234945>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 31-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-31

---

Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо төмөнкү принциптерге негизделет:

1) даректүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулдарды конкреттүү алуучуларга алардын жеке өзгөчөлүктөрүн жана башка объективдүү себептерин (жашы, ден соолугунун абалы, жыйынды орто жандык кирешенин өлчөмү, багуучусунун жоктугу, мамлекеттик социалдык колдоого өтө муктаждык, оор турмуштук кырдаал) эске алуу менен берүү;

2) кепилдүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулга укугу бар адамдарга аны милдеттүү түрдө дайындоо;

3) ачыктык/айкындык - мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүдө ачык-айкындык механизмдерин жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк түзгөн байланыш инструменттерин түзүү;

4) жоопкерчилик - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамдын бузулушуна мамлекеттин таасир этүү механизмдерин түзүү.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-3)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-4)
