# 15-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдардан кармап калуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 15-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-15

---

1. Мамлекеттик жөлөкпулдардан, анын ичинде ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасын кармап калуу соттун чечимдеринин, аныктамаларынын токтомдорунун жана өкүмдөрүнүн (мүлктүк өндүрүп алуулар бөлүгүндө), нотариустук кеңселердин аткаруу жазууларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимдерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде жүргүзүлөт.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдардан кармап калуу өлчөмү алуучуга төлөнүүгө тийиш болгон суммадан, бирок жөлөкпулдун бир айлык өлчөмүнүн 50 пайызынан ашык эмес эсептелип чыгарылат.

3. Мамлекеттик жөлөкпулдардан жогоруда көрсөтүлгөндөн тышкары, эч кандай кармап калууларга жол берилбейт.

4. Ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммалары боюнча карыз толук жоюлганга чейин мамлекеттик жөлөкпулдарда төлөө токтотулган учурда, карыздын калган бөлүгү сот тартибинде өндүрүп алынат.

5. Кармап калган сумма республикалык бюджетке төгүлөт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-16)
