15-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдардан кармап калуу
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик жөлөкпулдардан, анын ичинде ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасын кармап калуу соттун чечимдеринин, аныктамаларынын токтомдорунун жана өкүмдөрүнүн (мүлктүк өндүрүп алуулар бөлүгүндө), нотариустук кеңселердин аткаруу жазууларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимдерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик жөлөкпулдардан кармап калуу өлчөмү алуучуга төлөнүүгө тийиш болгон суммадан, бирок жөлөкпулдун бир айлык өлчөмүнүн 50 пайызынан ашык эмес эсептелип чыгарылат.
3. Мамлекеттик жөлөкпулдардан жогоруда көрсөтүлгөндөн тышкары, эч кандай кармап калууларга жол берилбейт.
4. Ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммалары боюнча карыз толук жоюлганга чейин мамлекеттик жөлөкпулдарда төлөө токтотулган учурда, карыздын калган бөлүгү сот тартибинде өндүрүп алынат.
5. Кармап калган сумма республикалык бюджетке төгүлөт.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111670/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>