# 14-берене. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотуунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.06.2026 [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140); 21.05.2026 [Закон КР от 21 мая 2026 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046568); 24.10.2025 [Закон КР от 24 октября 2025 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033568); 09.12.2024 [Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О содействии занятости населения", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018783); 06.12.2024 [Закон Кыргызской Республики от 6 декабря 2024 года № 193 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019325); 16.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2024 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/230001680); 09.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике", "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам")](https://aqlex.ai/kg/doc/112536); 10.07.2020 [Закон КР от 10 июля 2020 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112092); 30.03.2018 [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670#diff=53845..55403>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 14-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-14

---

1. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө талап кылынган документтерди бербегенде;

2) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) алуучу республиканын чегинен сырткары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;

4) жөлөкпул дайындалган адам каза болгондо;

5) жөлөкпул дайындалган бала 16 жашка чыкканда (16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) "үй бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган учурда);

6) ата-энесинси ажыраганы боюнча ар айлык социалдык жөлөкпул алуучу бала, ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул алуучу бала 16 жашка чыкканда, жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулары окуусун аяктаганда, кесиптик баштапкы окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери 23 жашка чыкканда;

7) майыптык мөөнөтү өтүп кеткенде (майыптык боюнча ар айлык социалдык жөлөкпул алган учурда);

8) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн бала 18 айга толгондо;

9) мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы которулган күндөн тартып жөлөкпулду ("балага сүйүнчү", "үй-бүлөгө көмөк", "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк", "Бала Береке", "Бала ырысы") 6 айдын ичинде (ар айлык социалдык жөлөкпулду - 12 айдын ичинде) талап кылбаганда;

10) мамлекеттик жөлөкпул алуучуга, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарды (жетим балдарды) кошпогондо, мамлекеттик камсыз кылуу аныкталганда;

11) жөлөкпулду негизсиз дайындоо фактысы белгиленгенде;

12) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул алуучу баланы асырап алганда же балдардын ата-энесинин (ата-энелеринин) ата-энелик укугу калыбына келтирилгенде.

13) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун алуучу жарандар (үй-бүлөлөр) бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда же өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашпаган калктуу конуштарга көчүп кеткенде;

131) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулун алуучуга социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардам берилгенде. Мында жөлөкпулду төлөө социалдык контракт түзүлгөн айдан кийинки 3 ай аяктагандан кийин токтойт жана кийинки 3 жылдын ичинде чектелет (ал жеткис жагдайлар түзүлгөн же көрсөтүлгөн социалдык жардамдын толук суммасын акчалай түрдө кайтарып берүү менен социалдык контракттан ыктыярдуу баш тарткан учурду кошпогондо);

14) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун алуучу жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) балдары 3 жашка чыкканда.

2. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра кароого алып келүүчү жагдайлар келип чыкканда, алуучу бул жөнүндө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу органга 5 күндүн ичинде маалымдоого тийиш

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулдардан тышкары, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдан тартып токтотулат.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул майыптыгы боюнча пенсия дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин улантылып төлөнөт.

4. Жөлөкпулга жеңилдетилген чыгуу шарттарында ар айлык социалдык жөлөкпул дайындалган, мурда бийик тоолуу шарттарда жашаган адам (эркек - 65 жашка, аял - 60 жашка, баатыр эне - 55 жашка чыккандыгы боюнча) бийик тоолуу жана алыскы зоналардын тизмегине кирбеген зоналарга туруктуу жашоого көчүп кеткен учурда, ар айлык социалдык жөлөкпул райондук коэффициенти эсепке албастан, жаңы жашаган/турган жери боюнча улантылып төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53, 2024-жылдын 16-февралындагы N 48, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 193, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 232, 2026-жылдын 21-майындагы № 71, 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-15)
