# 11-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046568)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.05.2026 [Закон КР от 21 мая 2026 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046568); 24.10.2025 [Закон КР от 24 октября 2025 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033568); 06.12.2024 [Закон Кыргызской Республики от 6 декабря 2024 года № 193 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019325); 09.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике", "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам")](https://aqlex.ai/kg/doc/112536); 10.07.2020 [Закон КР от 10 июля 2020 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112092); 30.03.2018 [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670#diff=39686..53845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 11-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-11

---

1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ичинде каралат. Арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого арыздарды кароо мамлекеттик жөлөкпул дайындала турган арыз ээсинде жана адамдарда, ошондой эле арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүндө - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун , бир жолку "Бала Береке" төлөмүн жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоодо идентификациялык жеке номери болгондо жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдар эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдар мамлекеттик жөлөкпул үчүн кайрылган учурларды кошпогондо, алуучунун кайрылган жери боюнча дайындалат.

Эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик жөлөпул жашаган/турган жери боюнча дайындалат. Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жашаган/турган жери боюнча каттоосу жок болсо, мамлекеттик жөлөкпул эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттерин эсепке албастан дайындалат.

3. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу, бир жолку "Бала Береке" төлөмү жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.

4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жана аларды дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суралып алынуучу мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон маалымат акысыз негизде берилет.

5. Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү, бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөн, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунан жана бир жолку “Бала Береке” төлөмүнөн тышкары бул коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53, 2024-жылдын 6-декабрындагы N 193, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 232, 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-104)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-12)
