# 104-берене. "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046568)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670#diff=39686..53845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 104-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-104

---

1. "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган жана бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу ар бир балага дайындалат.

2. Жарандар (үй-бүлөлөр) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун алууга укуктуу.

3. "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылуу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейинки убакыттан ашпоого тийиш.

(КР 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-103)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-11)
