# 101-берене. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2020 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112092)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670#diff=1234946..1234947>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2481/edition/1234943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111670/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 101-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-101

---

1. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энеси жөнүндө маалымат киргизилбеген балдарга дайындалат.

Жөлөкпул аны дайындоо үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып, бала 16 жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; кесиптик баштапкы окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин дайындалат, бирок алар 23 жашка чыккандан ашык эмес.

2. Баланы асырап алганда же ата-энесинин (ата-энелеринин) ата-энелик укугу калыбына келтирилгенде, жөлөкпулду төлөө баланы асырап алуу же ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө сот чечим чыгарган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.

(КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-10)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111670/st-102)
