# 9-берене. Медиаторго карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 166 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/112652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668#diff=1278995..1278996>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 9-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-9

---

1. Төмөнкү жеке адам медиатор боло алат:

1) 25 жаш курагына чыккан:

2) жогорку билими бар;

3) медиация боюнча кошумча билим алуунун жыйынтыгы боюнча сертификат алган;

4) ушул Мыйзамга ылайык медиатордун күбөлүгүн алган.

2. Төмөнкүлөр медиатор боло албайт:

1) мамлекеттик же муниципалдык кызматчы;

2) аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адам;

3) соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынбаган адам.

3. Медиатордун төмөнкүлөргө укугу жок:

1) медиациянын жүрүшүндө кайсы бир тараптын өкүлү болууга, ошондой эле өзү медиатор болгон талаш жана жазык иши боюнча соттук териштирүүдө же бейтарап териштирүүдө кайсы бир тараптын өкүлү же жактоочусу болууга;

2) эгерде тараптар башка тууралуу макулдашышпаса, медиациянын кайсы бир тарабына талаш боюнча консультациялык жардам көрсөтүүгө.

(КР 2023-жылдын 8-августундагы N 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-10)
