# 7-берене. Купуялуулук принциби

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 7-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-7

---

1. Медиация жүргүзүүдө медиацияга тиешеси бар бардык маалыматтын кулуялуулугу сакталат.

2. Медиатор, медиаторлор уюмунун кызматкерлери медиация жол-жобосун жүргүзүүгө чейин жана (же) жүргүзүү процессинде аларга белгилүү болгон маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү. Бул милдет ошондой эле алардын медиатор катары иши токтотулган же кыскартылган учурларга да жайылтылат.

3. Эгерде медиатор тараптардын биринен медиацияга тиешеси бар маалыматты алса, ал мындай маалыматты берген тараптын макулдугу менен гана бул маалыматты башка тарапка ачып бере алат.

4. Эгерде медиациянын тараптары башкача макулдашпаса, алардын медиацияга тиешелүү маалыматты ачыкка чыгарууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-8)
