# 28-берене. Корутунду жоболор

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 28-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-28

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-августунда N 92 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде:

а) ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

6) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде медиаторлордун республикалык коомдоштугунун түзүү чогулушун уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.

3. Медиаторлордун уюштуруу чогулушуна ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптарга жооп берген жана медиатордун сертификатына ээ болгон адам катышууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

2017-жылдын 22-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-27)
