# 26-берене. Жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 166 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/112652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668#diff=1278995..1278996>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 26-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-26

---

1. Кылмыш-жаза-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.

2. Жабырлануучу жана кылмышты жасоого шектелген адам же жазасын өтөп жаткан адам жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация тараптары болуп саналат.

3. Медиацияга катышуу үчүн тараптар иштин жагдайларына макул болууга тийиш.

4. Талаш боюнча макулдашууга жетише албаган учурда, медиацияга катышуу фактысы айыптоодон баш тартуу же күнөөнү моюнга алуу катары каралбайт.

5. Жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндө тергөөчү, прокурор, судья, жаза аткаруу тутумунун, пробация кызматкери, тараптардын биринин адвокаты медиатор катары чыга албайт.

(КР 2023-жылдын 8-августундагы N 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-27)
