# 24-берене. Далилдерге жол берүү

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 166 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/112652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668#diff=1278995..1278996>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 24-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-24

---

Медиация тарабы же жазык иши боюнча өндүрүштүн, соттук же бейтарап соттук териштирүүнүн алкагында медиация жол-жобосуна катышкан кандай болбосун жак далилдерди келтирбейт жана өздөрүнүн күбө катары көрсөтүүлөрүндө төмөндөгүлөргө шилтеме берүүгө укугу жок:

1) тараптардын биринин медиация жол-жобосуна кайрылуу жөнүндө сунушуна же тараптардын биринин медиацияга катышууга даярдыгына;

2) медиация тараптарынын бири талашты жөнгө салуу мүмкүндүгүнө карата айткан пикирлерге жана сунуштарга;

3) медиациянын жүрүшүндө тараптардын бири жасаган билдирүүгө же моюнга алууга;

4) талашты жөнгө салуу жөнүндө медиатор жасаган сунушту кабыл алуу фактысына;

5) медиациянын максаттары үчүн гана даярдалган документке.

(КР 2023-жылдын 8-августундагы N 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-25)
